Биз менен байланышыңыз

Канатбек Абдыкеримов УКМКнын убактылуу камак жайына алынды

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 780 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Канатбек Абдыкеримов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 4-августка чейин камоо боюнча чечим чыгарды.

УКМК «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору жана бир катар жооптуу кызмат адамдары тарабынан жасалган коррупция, ири көлөмдө уурдоо фактылары сотко чейинки өндүрүш алкагында иликтенип жатканын кабарлады. Бул мекемеде мамлекеттик сатып алууларды уюштурууда өз кызыкчылыгы үчүн пайда табуу максатында туруктуу кылмыштуу топ түзүлгөнү аныкталган.

Канатбек Абдыкеримов кылмыштуу аракеттерин ишке ашыруу максатында ишкананын жылдык бюджетин ыксыз жогорулатып, товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууга коротуучу каражаттын суммасын 1,5 млрд сомго жеткирген. Анын негизинде товарлардын баасын жогорулатууга ылайыктуу шарт түзүлгөн.

Ошол эле учурда башка компаниялардын тендерлерге катышууга мүмкүнчүлүгү чектелип калган. Ал эми мамлекеттик сатып алууларга катышкан компаниялар 8%дан 15%га чейинки каражатты келишим түзүү учурунда “ыраазычылык” катары берип турушкан.

Бул схеманын иштеши менен 2018-жылдын ноябрь айынан 2020-жылдын апрель айына чейинки учурда мамлекеттик ишкананын көмүскө кассасында айына 8-9 млн сомго чейинки каражаттар айланып, анын 50%ы жетекчиликке, калганы кийинки кызматкерлерге бөлүнүп берилип турган.

УКМКдан билдиришкендей, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурунку жетекчиси Канатбек Абдыкеримов мыйзамсыз иштеринин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын темир жолдору тармагына алдын ала 22 млн сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Ал 15-июнь күнү жогорудагы көрсөтүлгөн материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM