Биз менен байланышыңыз

Кытайдан сатылып алынган вакцина Кыргызстанга эки жуманын ичинде келет

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 806 | 0

Эки жуманын ичинде Кытайдан Кыргызстанга SinoPfarm компаниясынын 1 млн 200 миң доза Vero Cell вакцинасы келет. Аны сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 815 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, вакцинаны алып келүү маселеси да Өкмөт тарабынан чечилген.

«Кыргызстанда жашаган 3 млн 124 миң 881 жаран өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин эмдөө планына кирет. Бүгүнкү күндө алардын 8%га жакыны, башкача айтканда, 118 миңдей жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул — өтө төмөн көрсөткүч» , — деди Рахматулаев.

Ошол эле Кытай тарабынан акысыз берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы алып келине турганын буга чейин Өкмөттүн аппараты билдирген.

Вакцинанын жеткирилишин жана калкты эмдөөнү Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жеке көзөмөлүнө алган.

Copyright © 2017 Maral FM