Биз менен байланышыңыз

Жаш муундарды тарбиялоо боюнча концепция иштелип жатат

Коом | 29 Июн 2021 | 5111 | 0

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 29-январында кол койгон «Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө»  №1 Жарлыктын аткарылышы боюнча маалымат жыйын болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты жаңы муунга татыктуу тарбия берүүнүн багыттарын, милдеттерин жана педагогикалык шарттарын талдоо болуп эсептелет. Жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү жана педагог-окумуштуулар катышты. Анда жаңы муунга татыктуу тарбия берүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча бир катар сунуштар берилди.

«Инсандын руханий, адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыкка ылайык, мектепке чейинки курактагы балдарды, мектеп окуучуларын, студенттерди тарбиялоо жана билим берүү максатында этика, эстетика жана дене тарбия сабактарына билим берүү стандарттарын киргизүү боюнча маселелер каралып жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев аталган жарлыкты ишке ашыруу максатында ар бир аймактын өзгөчөлүктөрүнө жараша иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, алыскы аймактарда жайгашкан айылдарда мектепти аяктай элек жаш кыздарды ала качып же турмушка узатып жаткан учурлар көп кездешет. Усеналиев концепцияга таянуу менен мындай көйгөйлөрдүн алдын алып, жаштардын билим алуусуна шарт түзүү керектигин кошумчалады.

«Билим берүү тармагында мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери, ЖОЖдор, орто окуу жайлар боюнча аталган концепцияны иштеп чыгуу үчүн 8 топ түзүлгөн. Ар бир багытта тиешелүү органдар тарабынан иштер аткарылып жатат. Мисалы, Ноокат районунун айылдарында эрте турмушка чыккан жаш кыздардын саны өсүүдө. Аларга туура тарбия берүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Ноокат районунун билим берүү мекемелери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Учурда өлкөнүн бардык мектептеринде 11-класска чейин профилдик багытта пландар ишке ашууда. Мектепти бүткөн жаштардын окуусун улантуусуна шарт түзүп беребиз. Кыздар көбүнчө тигүүчүлүк кесиптик окуу жайларында окуп жатышат. Ал эми эркек балдар унаа оңдоочу кесиптерди тандоо менен турмушка болгон өзүнүн жашоо багытын таап жатышат. Бул жарлык жаштардын билим алуусуна чоң өбөлгө түзөт».

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов жарлыктагы коюлган талаптар жана анын аткарылышы тууралуу маалымат берди.

«Билим берүү стандарттарын кайрадан карап чыгуу, инсандын өзүн-өзү өстүрүү жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу көндүмдөрүн калыптандыруу, билим берүү системасына жогорку деңгээлде окуу процессин жүргүзүүгө жөндөмдүү педагогикалык кызматкерлерди тартуу, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, мамлекеттик стандарттарды 5 жылда бир жолу өзгөртүү же толугу менен жаңылоо талаптары коюлган. Биз колдонуп жаткан акыркы мамлекеттик стандарт 2014-жылы бекитилген. Аймактык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин билим берүү уюмдарынын арасында салттуу маданий, руханий, адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо менен билим берүүнү камсыз кылууга багытталган иштерди жүргүзүүгө тапшырма берилген. Мектепке чейинки курактагы балдарды, мектеп окуучуларын жана студенттерди, биринчи кезекте турмуштук оор кырдаалда турган балдарды физикалык, психикалык, социалдык, руханий жана адеп-ахлактык жактан өнүктүрүү үчүн шарт түзүү маселеси камтылган».

Жаштар иштери дене тарбия жана спорт агенттигинин бөлүм башчысы Мураталы Үчкемпиров бул жарлык Кыргызстан жаштарынын замандан артта калбай, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен тийиштүү билим алуусуна салым кошуп, дени сак жаштарды тарбиялоого багытталганын белгилейт.

«Жарлыктын максаты: бүгүнкү күндөгү заманбап жаштарды даярдоо. Бул боюнча дүйнө жүзүндө чоң атаандаштык жүрүп жатат. Ар бир өлкөнүн жаштары келечектин күчтүү потенциалы болуп калышы үчүн мамлекеттер бардык чараларды көрүүдө. Бул — жаштардын руханий, адеп-ахлактык тарбия алуусуна, ошондой эле өзүнүн улутун жана мамлекеттүүлүгүн чыңдоого салым кошо алган акылдуу инсанды тарбиялоого багытталган жарлык».

«Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» өлкө башчынын жарлыгын аткаруу үчүн Билим берүү жана илим министринин 12-апрелдеги №441 буйругуна ылайык, «2021-2030-жылдарда өлкөдөгү жаштардын руханий, адеп-ахлак жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясына көңүл буруу» концепциясын иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Copyright © 2017 Maral FM