Биз менен байланышыңыз

Дымактуу, жалкоо, кыялкеч… Кыргыздын азыркы жаштары кандай?

Коом | 8 Ноя 2019 | 1678 | 0

10-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү. Бул күн Кыргызстанда расмий түрдө 2002-жылдан тарта белгиленип келет. Ошого байланыштуу азыркы кыргыз жаштарынын абалына кызыгып, жашоого болгон көз карашы, артыкчылык-кемчиликтерин санап көрдүк.

Дымагы күчтүү, бирок жалкоо. Үйдө отуруп алып акча таап, байыгысы келет. Мекенге болгон сүйүү бир гана социалдык тармакта жазылган посттор менен чектелет. Бул сыпаттама кыргыздын азыркы көпчүлүк жаштарына тиешелүү. Алардын арасында Европа, Араб мамлекеттеринин жаштарын туурап жашагандар да бар. Мындай жүрүм-турум үйдөгү тарбиядан көз каранды экенин социология илимдеринин кандидаты, доцент Самар Сыргабаев айтты.

Анын пикиринде, жаңы муундун психологиясы башка, алар технология заманында көп маалыматка ээ болгону менен, келечекке кайдыгер. Мисалы, изилдөөлөрдөн улам өспүрүмдөрдүн оюнда келечектин модели жок болгондуктан, башка өлкөлөргө кетүүнү ойлошору аныкталган.

-Көп жылдан бери жаштардын социалдык абалы, билимине изилдөө жүргүзүп келебиз. Ал эми алардын тарбиясы түздөн-түз үй-бүлөдөн көз каранды болот. ошол эле учурда ата-энелер дагы, баласынын өзгөрүүсүнө жараша мамиле жасап калышты.

Студент, ишкерлик менен алектенген Махмудали Султанов жаштар адабий чыгармаларды окубай калды деп нааразы. Бирок кыска убакытта капчыгын кеңейтүүнү көздөп калышкан жаштар арбын экенин айтат.

-Акыркы жылдары жаштар жалкоо боло баштады. Китеп окуп, билимге умтулгандар аз. Алардын көз карашы, ой-жүгүртүүсүнүн өзгөргөнүн окуган китептеринен байкасак болот. Мисалы, » Кантип көп акча тапса болот?»  деген сыяктуу китептерди окуп калышты. Бардык нерсени тез ишке ашып кетишин каалашат. 

«Интеллект» окуу борборунун негиздөөчүсү Жакшылык Матановдун айтымында, союз убагында тартип күчтүү болгондуктан жаштардын мүмкүнчүлүгү аз болгон. Азыр жаштарда мүмкүнчүлүк көп, бирок аны туура колдоно билүү керек. Анын үстүнө башка өлкөнүн жаштарына караганда, кыргыздын жаштары эмгекчил, аракетчил келишет.

-Тыйындын эки бети болгондой эле, «жаштар дагы азыр өтө акылдуу болуп кеткен жок же китеп окубай калды, билимсиз» дегенден дагы алыс болушубуз керек. Себеби азыр жаштар үчүн шарт бар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Кааласа чет өлкөгө барып, акысыз билим алгандар дагы бар. Ал эми Советтер Союзу учурунда тартип күчтүү болгондуктан, өз калоосу менен көп нерсени аткарыша алышкан эмес. Замандын талабына жараша жаштар өнүгүп жатат.

Эл аралык DAS EDUCATION америка мектебинин башкы директору Замир Айылчиев жаштардын билимге болгон кызыгуусун ойготууга аракет кылып келет. Ал менен баарлашкан учурда келечектен үмүттөндүргөн жаштар да бар экенин айтты.

-Биз көбүчнө окуучулар жана студентер менен жолугуп, сүйлөшүп турабыз. Ошондо бир нерсени байкадым алардын келечектин образы жоктугунан, же 5 жылга план коё албай жатышат. Өлкөнүн өнүгүсүнө өздөрү ишенишпейт, андан көрө чет өлкөгө кетип калууну эңсешет.

Билим алгандар көп болгону менен, билимдүү жаштар аз. Мындай пикирди активист  Каныбек Жаникулов айтты. Жаштар орусча ойлонуп, өзүн эркин сезгендиги үчүн улууларга болгон сый-урматы жоголуп баратат. Жаштардын аксаган жери, алар батышты туурап, кыргыздын баалуулуктарын унутуп баратканында.

-Мурдагыдай билимге чуркаган жаштар жок. Азыр замандын талабына жараша, батыштын идеологиясы менен  жашап жатышат. Тенденцияга жараша жаштардын өсүп-өнүккөнү жакшы, бирок коомдук жайларды өзүн маданияттуу алып жүрүү, улууларды сыйлоо дегенди унутушту. Орус мектептерде окуп калып, орсуча ойлонгондуктан, алар өзүн эркин алып жүрүп жатат.

Жаштар күнүн белгилөөгө Кыргызстанда 2002-жылы мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, токтом кабыл алынган. Статискага таянсак, 2018-жылдагы маалыматка караганда өлкөдөгү калктын 40 пайызын жаштар түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM