Биз менен байланышыңыз

Лейлек: 50 айылга 50 китепкана ачуу пландалууда

Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 1370 | 0

160 000 адам жашаган Лейлек району жана Сүлүктү шаарларында болгону 24 гана китепкана иштейт. Негизги көйгөй бул китепканаларда жаңы китептер жокко эсе жана китептердин санынын аздыгынан адамдар да барбай калышкан. Учурда жаштар бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылышууда.

«Билим, китеп маселеси 10 айыл өкмөтү жана 47 айылдан турган Лейлек районунда орчундуу болуп саналат. 47 айылга 24 эле китепкананын болушу өтө аз. Ошондуктан, «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында Лейлек районунда, тагыраак айтканда, 50 айылга 50 китепкана ачууну пландап жатабыз», — дейт «Илек-Илек жаштары» коомдук бирикмесинин лидери Эльдияр Жээналиев. Ошондой эле ал жардам берип, салым кошом дегендерге ар дайым эшик ачык экендигин кошумчалады.

— «Бир адамдан бир китеп» — Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жаңы китепканалардын ачылышына өбөлгө түзүп, окуу китептери менен камсыздоочу коомдук долбоор. Азыркы учурда аймактарда 55 китепкана ийгиликтүү иштеп баштады. «Илек-Илек жаштары» коомдук бирикмеси эң алыскы, чек арада жайгашкан Лейлек районуна 50 китепкана ачуу үчүн 7 дубандын жаштарынын башын бириктирип, китеп чогулта баштады. Учурда 7000 китеп чогулду. Биздин максат — аймактардагы жаштардын билим деңгээлин өстүрүү, китеп окууну адатка айландыруу жана маданий мекемелердин көбөйүүсүнө салым кошуу.

Эльдияр Жээналиевдин белгилешинче, долбоор билимге инвестиция жасоо менен өлкөнүн бардык облустарын гана эмес, кошуна өлкөлөр менен да ынтымакка чакырууну көздөйт.

Жаштардын бул демилгесин колдоо үчүн эл аралык уюмдар да жардам көрсөтүү ниетин билдиришкен. Ошондой эле, «салым кошом, колдойм» деген мекендештер болсо, кабыл алууга даяр экенин жана кубанычта болорун белгилешет уюштуруучулар.

Copyright © 2017 Maral FM