Биз менен байланышыңыз

Жаштар китеп окубай калдыбы, же алардын табитин калыптандырган китептер жокпу?

Билим-маданият | 14 Фев 2020 | 1704 | 0

Убагында окурмандардын аягы үзүлбөгөн мамлекеттик  китепканаларга азыр келген окурмандардын саны салыштырмалуу аз. Анткен менен замандын талабына ылайык шарттары бар китепканалар ачылып, окурмандарга шарт түзүлүп жатканы байкалат. Ошондой эле, өлкө боюнча жаштардын демилгелери менен уюштурулуп жаткан китеп окуу акциялары, жаштарга дем-күч берип жатат десек жаңылышпайбыз. Жаштардын китепке болгон кызыгуусу, көз карашы канчалык өзгөрдү?

Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, китеп окуу коомдогу жөндөмдөрдү жогорулатат. Китепти көп окуган адамдар башкалар менен тил табышып, кыйын учурлардан чыгуусуна, керек болсо жакшы көргөн адамын түшүнүүгө да жеңилирээк болорун адистер айтып келишет.

Өзү окуучу болгонуна карабай, студенттер менен аралашып, жарышып китеп окуп жүргөн жаш окурман Нурбек Досболов 1 минутада 463 сөз окуйт. «Китепти бош убактыңда гана окуу туура эмес» деген ойдо. Ал китеп жашоосу тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

-Көбүнчө адабий китептерди окуп баштадым, андан сырткары, өзүмө жаккан чет тилдеринен которулган тарыхый китептерди окуйм. Баары бош убактымда китеп окуйм деп айтышат, а  бирок китеп окууну адатка айлантуу керек, китепке убакыт бөлүү керек. Мен скорочтение курсуна барып тез окууну өздөштүрдүм, азыр күнүнө 200-300 бет китеп окуйм.   

Окуучу жанында дайыма китеп көтөрүп окуп, андан сырткары кубик-рубикти да көз ачып жумганча чогултат. Нурбек келечекте дипломат болууну каалайт.

Өз өмүрүн китепканага арнаган “Нуска” китеп дүкөнүнүн жетекчиси Анархан Садыкулова көп жылдан бери китепканын жетекчиси болуп иштеп келет. Акыркы жылдары тарыхый китептерди окуган  жаштардын көбөйгөнүн айтат. Анткен менен жаштар окуган китебинин автору тууралуу билишсе, жазган чыгармасын дагы да кызыгып окуйт дейт:

-Өсүп келе жаткан жаштардын демилгелери жакшы, китептерге болгон кызыгууларын байкап жатам. Бирок мен жаштардын табитине жараша  кыргыз тилиндеги китептердин чыкпай жатканын айтат элем. Китепканага келген жаштардан сурасам, алар: «социалдык тармактарга баш багам» дешет. Жаштар көбүнчө чет тилден которулган китептерди көп сурашат.  

«Азыркы жаштар китеп окубай калды» деген сөзгө кошула албаган  жаш активист Табылды Муратбеков жаш муундарга  үлгү болуу жана аларга шарт түзүп берүү керектигин айтат:

Жаштардын китеп окуганга кызыгуусуна  биринчиден, ата-энелери үлгү болушу керек деп ойлойм. Себеби, көрүп атабыз, балдарына кымбат телефон алып берет, бирок китеп алып бергендер аз. Экинчиден, бизге дүйнөлүк классиктердин китептери кыргызчага которулуп чыкса жакшы болмок. Учурда баары окуп жатат дебейм, бирок өздөрү китепке кызыгып, китеп окуу сынактарынан улам, окурмандар чогулуп, бирин-бирине шык берип, окурман жаштар, жаңы муун өсүп келе жатат десем болот.

Китеп сүйүүчүлөрдүн күнүнө айланган 14-февраль − Бүткүл дүйнөлүк китеп белекке берүү күнү 2012-жылдан тарта белгиленип келет.

Өлкөдө китеп окууга шыктандырган, китеп окуу акцияларын  жаштар демилгелеп, уюштуруп келет.  “Бир адамдан бир китеп долбоорунун”  алкагында  республиканы камтыган бир топ иш-чаралар өтүп, окурмандардын башын бириктире алды десек болот.

Copyright © 2017 Maral FM