Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга билимдүү жаштарды тартуу керек

Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 1699 | 0

2020-жылдын 1-августунан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадрларды тандоонун жаңы сынактык тутуму киргизилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков менен Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаевдин онлайн кеңешмесинде айтылды.

Бакытбек Сагынбаевдин айтымында, талапкерлерди тандоо тутумунун принциптери өзгөрдү — мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жогорку упай алган бир гана талапкер жөнөтүлөт.

Ошондой эле адам фактору болбошу үчүн сынактык тандоо санариптештирилди. Арыз берүүдөн баштап, бардык этаптар автоматташтырылган.

Мындан сырткары, сынактык тандоонун этаптарында да өзгөрүүлөр болгон. Талапкердин маанилүү кесипкөй сапаттары менен жөндөмдөрүн аныктоо үчүн тестирлөөнүн кошумча баскычтары киргизилген. Кызматтык бош орундарга орто эсеп менен бир орунга 4-5 талапкер, айрым учуларда 20га чейин талапкер болуп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ар кыл тармактарынын өнүгүшүнө кошумча дем берип жаткан жаштарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин катарына тартуу саясатын улантуу керектигин айтты.

«Мамлекеттин келечеги — жаштар. Бардыгы кадрларга барып такалат. Бул жерде кадр кызматынын орду өтө маанилүү, бош кызмат орундарын канчалык кесипкөй адистер ээлесе, реформалар ошончолук тез жүргүзүлүп, мамлекет ыкчам өнүгөт. Ошондуктан биринчи кезекте кадр тандоо процессиндеги көйгөйлөрдү жоюу жана аларга тиешелүү көзөмөл кылуу зарыл. Талапкер тиешелүү билимге, тажрыйбага ээ болсо, анда ал сөзсүз жеңем деп сынакка ишенимдүү түрдө келгидей болушу керек», — деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM