Биз менен байланышыңыз

Лукашенко: Эгемендүүлүктүн жаштарын саясий чөйрөгө көбүрөөк тартыш керек

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 704 | 0

Эгемендүү өлкөдө туулган жаштарды саясатка көбүрөөк тартыш керек. Бул тууралуу Беларусиянын президенти Александр Лукашенко президенттик башкаруу академиясындагы сапарында айтты.

«Жарандарыбыздын үчтөн бир бөлүгү – 3 миллионго жакыны Беларусия эгемендүү болгондон соң туулган. Ал жаш улан-кыздар болуп жаткан аракеттерди европа өлкөлөрүндө өз алдынча кабыл алуу жөндөмдөрүнө ээ. Мына ушул жаштарды саясий чөйрөгө активдүү түрдө тартууга убакыт келди»,- деди Лукашенко.

Ошондой эле, «тажрыйба менен жаңылануу, акылдуулук менен чечкиндүүлүк, абайлагандар менен тайманбастар» түзгөн жаштар жана улуу муундун ортосунда ишеним жараткан, сый-урматты күчөткөн маектерди байма-бай уюштуруу зарыл экендигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM