Биз менен байланышыңыз

Түркиянын Улуттук коргоо министри Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 570 | 0

28-июнда Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар баштаган аскер делегациясы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Түркиянын Улуттук коргоо министринин расмий иш сапарынын алкагында Коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылууда. Анда эки өлкөнүн коргоо мекемелеринин аскердик, аскердик-техникалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланмакчы.

Ошондой эле, аскер делегациянын «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине баруусу каралган.

Copyright © 2017 Maral FM