Connect with us

Бишкектеги №2 төрөт үйү COVID-19 менен ооруган кош бойлууларды гана кабыл алат

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 588 | 0

Эми Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйү COVID-19 коронавирус инфекциясы менен ооруган кош бойлууларды гана кабыл алат.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, төрөт үйү мындай иштөө режимине 26-июнда өткөн. Анда 70 койко-орун даярдалган.

Ушул мекемеге караган бардык кош бойлуулар борбордогу башка төрөт үйлөрүнө жөнөтүлөт. Мындай режим эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин уланмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM