Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Ошто куралдар сакталган жашыруун жай табылды (видео)

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 426 | 0

Ош шаарынын аймагынан ок атуучу куралдар менен ок-дары сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Оштогу кароосуз калган үйдөн табылган ок-дары сакталган жашыруун жай бөлмөлөрдүн биринде казылып, үстү таштандылар менен жабылган. Тинтүү жүргүзүү учурунда капка оролгон «Калашников» үлгүсүндөгү автомат 5,45 калибрдүү октору менен кошо жана тетиктери чачылган абалдагы 16-калибрдүү сайсыз ок атуучу курал табылган.

Куралдарды кароо учурунда алардын номурлары өчүрүлгөнү, автоматка башка өзгөртүүлөр киргизилгени аныкталган.

Аталган факты Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмү (Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Иликтөө ишин ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) жүргүзүп жатат. Табылып алынган куралдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM