Биз менен байланышыңыз

Дагы 9 өлкөнүн жарандарын Кыргызстанга визасыз киргизүү демилгеленүүдө

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 325 | 0

Бүгүн, 17-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоордун негизги максаты: Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, ошондой эле өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү туристтик имиджин жакшыртуу.

60 күнгө чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасына визасыз киргенге уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесине кошумча тогуз өлкөнү кошуу менен кеңейтүү сунушталууда. Алар: Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM