Биз менен байланышыңыз

Президент: Оор кредиттерди төлөө мөөнөтү да келип калды

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 697 | 0

Сырткы карыздарды жоюу, убактысын жылдыруу багытында сүйлөшүүлөр уланып жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 25-июлда «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, буга чейин 5 жыл, 10 жыл мурун, 15-20 жыл мурун алынган карыздарды төлөй турган учур келди. Кээ бирлери 5 жылдык мөөнөт менен алынган оор кредиттердин төлөө мөөнөтү дагы келген.

«Биздин өнөктөштөр азыркы кырдаалды туура түшүнүп, Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгилешти. Мен өзүм бардык финансы институттары менен, тиешелүү мамлекет жетекчилери менен телефон аркылуу февраль айында сүйлөшө баштагам. Анын жыйынтыктары болуп жатат«, — деди Жээнбеков.

Ошондой эле ала «G20» тобуна кирген 20 ири мамлекеттин алкагында да тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө макулдашылгандыгын кошумчалады.

Мамлекет башчы билдиргендей, «айлана-чөйрөнү жакшыртууга багытталган аракеттер менен карызды жоюу» механизмин колдонуу демилгеленип жатат. Эгерде бул маселе чечилип калса, эки жактан тең пайда табууга болот: биринчиси — карыздан кутулуу, экинчиси — ошол айлана-чөйрөдө болуп жаткан маселелерди дагы өзүнүн каражаты менен чечүү.

Мындан сырткары, президент кредиттик саясаттын өзгөргөндүгүн айтты. Эми 5 жылдык кыска мөөнөттүү кредиттерди алуу токтотулат. Сырттан келген каражаттар экспортко чыгып жаткан ишканаларды колдоого, жумушчу орундарды түзүп жаткан, жаңы фабрика-заводдорду салып жаткан, анан айрыкча, ишкерлерди, жаңы фабрика-заводдорду кургандарды салыктардан бошотууга жумшалат.

Copyright © 2017 Maral FM