Биз менен байланышыңыз

Украина кытайлык туристтер үчүн визасыз режим киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 410 | 0

Украина кытайлык туристтер үчүн убактылуу визасыз режим киргизди. Бул тууралуу президент Владимир Зеленскийдин администрациясынын сайтында 28-июль, шейшемби күнү жарыяланды.

Маалыматка караганда, Кытай жарандары үчүн Украинага визасыз кирүү каралган жарлык Киев менен Пекиндин достук мамилелерин өнүктүрүү жана эки өлкөнүн туризм тармагында кызматташуусун кеңейтүү максатында кол коюлган.

Документте Украинага сапар алууну пландаштырган Кытай жарандары өлкөдө 6 айдын ичинде 30 күнгө чейин турушу каралган. Визасыз режим 2020-жылдын 1-августунан 2021-жылдын 31-январына чейин колдонулат.

Буга чейин Украина ушундай шарттарда Австралия, Бахрейн, Кувейт, Жаңы Зеландия, Оман жана Сауд Аравия жарандары үчүн визасыз саякаттоону киргизген. Бул өлкөнүн жарандары Украинада үч ай бою кошумча документтерди каттоосуз жүрө алышат.

Эгерде чет элдиктер бул мөөнөттү узарткысы келсе, алар кайрадан эл аралык чек арадан өтүүгө мажбур болушат.

Copyright © 2017 Maral FM