Биз менен байланышыңыз

Мавлянова: Кашыктап чогулткан абийиримди бир күндө тебелешти

Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 2192 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кытай туристтерин визасыз өлкөгө киргизүү боюнча айткан пикири бурмаланып, анын аброюна шек келтиргенин айтты.

Ал 4-октябрда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туризмди өнүктүрүү сунушун айткан. Депутат бул сунушу социалдык тармактарда катуу талкууланып, анын жеке келбети, өң-түсүнө да маданиятсыз сөздөр айтылып кеткенине нааразы болду.

Акчага буйрутма аткарган фейк группалар депутаттык мандатымды ыраа көрбөгөн ар кандай чакырыктар менен кашыктап чогулткан абийиримди, ар-намысымды, элге кылган ак кызматымды жер менен жексен кылып, бир күндө тебелеп жок кылгылары келди. Моралдык этикалык норманын чегинен чыгып, коомубуздун кээ бир катмары моралдык деградация болуп жатканын айгинеледи. Мунун артында саясий оппоненттер турганына да көзүм жетти. Ошондой эле социалдык тармакта адамдын намысын коргогон чараларды көрбөсөк менин ордумда ар бир жаран болуп калышы мүмкүн«, — деди депутат.

Мавлянова негизги максаты – кытайлык туристтердин миллиарддаган акчасынын агымын Кыргызстанга буруу экенин белгилеп, бул сунуш дыкаттык менен изилденип, коопсуздук жагынан да чогуу каралышы керектигин айтат.

Депутат буга чейин дүйнө жүзүндө туристтердин 30 пайызын кытайлар түзөрүн айтып, Казакстан менен Орусия 15 жылдан бери Кытайдан туристтерди визасыз кабыл алып жатканын мисал келтирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM