Биз менен байланышыңыз

Бекешов: Өнүккөн өлкөлөр уруксат бергендерден виза талап кылбайлы

Күн чекит | 29 Ноя 2018 | 785 | 0

45 мамлекетке визасыз режим киргизилгендиктен Кыргызстанда туристтердин саны өсүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов айтты. Мындан улам визасыз режимди киргизүү мыйзамын 2030-жылга чейин иштөө сунушун киргизди.

Визасыз иштеген өлкөлөрдүн санын көбөйтүүнүн негизги максаты, анын тобокелдиктери тууралуу дал ушул демилгени көтөрүп жаткан депутат Дастан Бекешев «Күн чекит» программасында айтып берди.

Сиздин демилгеңиздин башкы максаты эмнеде? Кандай негизги артыкчылыгы бар?

Демилгенин максаты Кыргызстанда жумушчу орундарды көбөйтүү болуп саналат. Ал качан бизге туристтер көп келе баштаганда гана болот. Коноктор көп келсе, ошончо мейманкана, кафе-ресторандар ишин баштайт. Бүгүнкү күнү айрым аймактарда тургундар үйүн келген конокторго бошотуп берип жатышат. Экинчиден, туристтик потенциалды жогорулатышыбыз керек. Бирок бул жерде структуралык маселелер көп. Мисалы, көп кооз жерлерге бара турчу жолдор же эң жөнөкөй дааратканалар жок. Эгер биз визасыз мамлекеттердин санын көбөйтүп берсек, турисстер шартка карабай туруп келмек. Ошондуктан ушундай демилге менен чыгып жатам.

-45 мамлекетке эле узартылсын деп жатасызбы же башка дагы өлкөлөрдү кошуу керекпи?

Азыркы учурда Өкмөт экинчи окууга атайын сунуш менен келди. Анда бул 45 мамлекетке дагы 10 мамлекетти кошуу керек деп жатышат. Атайын тизмесин дагы беришти. Ошондо жалпы 55 мамлекет болот. Андан тышкары, айрым депупаттар дагы сунуш менен чыгып жатабыз. Мисалы, ошол эле «Шинген» визаны же Америка, Улуу Британия жана Жапония визасы менен башка өлкөлөр келе берсин деп жатабыз. Анткени ошол визаны алыш үчүн туристтер каржыны, коопсуздук жактан текшеришти. Демек биз дагы алардын коопсуздук органдарына ишенишибиз керек.  

Ошенткен күндө дагы айрым эксперттер тобокелдик жагын айтып жатышат го.

Ооба, айрым эксперттер коопсуздук жагын айтып жатышат. Бирок башка максат менен келген киши деле сөзсүз визаны алып туруп келет да. Ошондуктан мындан чочубай деле койсок болот.

Визасыз өлкөлөрдүн санын көбөйтүп кайсы өлкө натыйжалуу жыйынтыкка жете алды? Биз кайсы жолго түшүшүбүз керек?

Мисалы, Грузия 90 мамлекетке бир жылдык визасыз режимди киргизди. Бул тартип аларга эмнени берди? Эң биринчи, ал жакта бренддик мейманканалар ачыла баштады. Бир жылда 7 млн турист келди. Келген доллар өлкөдө калды. А биз болсо 60 күн эле деп жатабыз. Биз дагы ушул жол менен кете берсек, жок эле дегенде, кызмат көрсөтүү менен жөнөкөй жарандар бутунан тез туруп кетишмек.

Маегиңизге рахмат!

 

Copyright © 2017 Maral FM