Биз менен байланышыңыз

Парламент Кыргызстанга визасыз режим киргизүү талкуулайт

Кыска кабар | 28 Фев 2019 | 719 | 0

Жогорку Кеңеш бүгүн “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун талкууга алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында айтылат.

Мыйзам долбоору депутат Дастан Бекешев тарабынан демиленген. Анын айтымында, бир катар чет өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт, ошондон улам келишимдерди азыртан узартуу зарыл.

«Атайын кызматтар терроризм жана экстремизм коркунучтары сындуу коптонууларды мисал тартып, коопсуздук маселесин байма-бай эске салып келет. Бирок, биз мыйзамдарды либералдаштыруудан коркпошубуз керек. Мындай келишимдер өлкөнүн экономикасын, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деп билдирген депутат.

Жогорку Кеңеш мындан сырткары күн тартибиндеги дагы бир катар маселерди карайт.

Copyright © 2017 Maral FM