Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Черногория: Дипломатиялык паспорттордун ээлерине визасыз режим киргизилди

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 676 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Өкмөтү менен Черногория Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Келишим шарттарына ылайык, дипломатиялык паспорту бар эки өлкөнүн жарандары бул өлкөлөрдүн аймактарында визасыз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат.

Белгилей кетсек, азыркы кезде отузга жакын өлкө менен ушундай эле шарттагы (визасыз режим) келишимдер түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM