Биз менен байланышыңыз

Футбол: «Сары тизмеге» кирген оюнчулар бүгүнкү беттешке да катышпайт

Кыска кабар , Спорт | 15 Июн 2021 | 1599 | 0

Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында бүгүн, 15-июнда Кыргызстандын курамасы Япония менен ойнойт. Беттеш Япониянын Суйта шаарында өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те башталат.

Мурунку беттештердегидей эле бул оюнга да «коронавирус жугузду деген күмөн менен «сары тизмеге» киргизилген оюнчулар Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токотаев чыкпайт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу билдирди.

Бирок оюнчулардын коронавирусту аныктоо үчүн тапшырган тесттери таза чыгып, эч кандай белгилери байкалган эмес. Бул чектөөлөр Япония өкмөтүнүн ковидке каршы чаралары алкагында оюндарды кабыл алган уюм тарабынан көрүлүп жатат.

Бүгүнкү беттешке чыгуучу оюнчулардын тизмеси оюнга бир саат калганда белгилүү болот. Дарбазаны Бишкектен Японияга атайын учуп барган Павел Матьяштын коргоору күтүлүүдө.

2019-жылы Бишкекте Кыргызстан Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында Япония менен ойноп, 0:2 эсебинде жеңилип калган.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. Бул тайпада алдыда Япония курамасы келе жатат. Ал 7 оюн өткөрүп, биринде да жеңилген эмес. Өткөн оюнда Мьянманы жеңген Кыргызстан экинчи орунга көтөрүлдү (10 упай). Андан кийин 7 беттеш өткөрүп, 10 упайга ээ болгон Тажикстан турат. Тайпада акыркы орундарды Мьянма (6 упай) жана Монголия (6 упай) ээлөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM