Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын курамасы Мьянманы 8:1 эсебинде жеңди

Кыска кабар , Спорт | 11 Июн 2021 | 1229 | 0

Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында бүгүн, 11-июнда өткөн Кыргызстан менен Мьянманын беттешинде «ак шумкарлар» атаандаштарын 8:1 эсебинде жеңди.

Биринчи таймда Кыргызстандын эсебиндеги биринчи голду Мирлан Мурзаевдин айып аянтчасынан чыгарып берген тобун башы менен киргизген Турсунали Рустамов 21-мүнөттө киргизди. Андан көп өтпөй 27-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов эсепти 2:0 кылды. Үчүнчү голду Фархат Мусабеков, ал эми төртүнчү голду Алимардон Шукуров 45-мүнөттө киргизди. Калыс ышкырыкты жаңыртар алдында капитандык милдетти аткарып жаткан Мирлан Мурзаев эсепти 5:0 кылды.

Оюндун экинчи бөлүгүнүн 61-мүнөтүндө Мирлан Мурзаев, андан эки мүнөт өткөндөн кийин Абай Бөкөлеев гол киргизди. 69-мүнөттө Мьянманын Б. Хлайн аттуу оюнчусу эсепти 7:1 кылып өзгөрттү. Ал эми 78-мүнөттө Мурзаев эсепти 8:1 кылды.

Белгилей кетсек, Мьяманын 16-катар сандагы оюнчусу 24-мүнөттө эреже бузгандыгы үчүн кызыл айып кагазын алып, оюндан чыккан.

2019-жылы Бишкекте «ак шумкарлар» Мьянма менен ойноп, аларды 7:0 эсебинде жеңген. ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 99, ал эми алардын атаандаштары 139-орунда турат.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. Бул тайпада алдыда Япония курамасы келе жатат. Ал 7 оюн өткөрүп, биринде да жеңилген эмес. Бүгүнкү оюнда жеңишке жеткен Кыргызстан экинчи орунга көтөрүлдү (10 упай). Андан кийин 7 беттеш өткөрүп, 10 упайга ээ болгон Тажикстан турат. Тайпада акыркы орундарды Мьянма (6 упай) жана Монголия (6 упай) ээлөөдө.

15-июнда Кыргызстан Япониянын курамасы менен ойнойт.

Кыргызстан курамасынын беттештери «КТРК Спорт», «Кыргыз Спорт ТВ» каналдарында жана Sportrecs платформасында көрсөтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM