Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын футбол курамасы ФИФАнын рейтингинде 99-орунга жайгашты

Кыска кабар , Спорт | 27 мая 2021 | 1502 | 0

Кыргызстандын футбол курамасы ФИФАнын жаңыртылган рейтингинде 99-орунга жайгашты. Жаңыртылган рейтинг уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Кыргызстандын курамасы өткөн айдагы (7-апрелде) рейтингден бир тепкич ылдыйлаган. Эскерте кетсек, «ак шумкарлар» акыркы жолу 2019-жылдын ноябрь айында Тажикстанга каршы беттеш өткөргөн. Анда оюн тең чыгуу менен аяктаган.

2022-жылы өтө турган Дүйнө биринчилигинин тандоо турунда Кыргызстанга атаандаштык кылган Япония 28-орунда, Тажикстан – 121, Монголия  – 192, Мьянма 139-орунда жайгашкан.

Ал эми рейтингдин алдыңкы үчтүгүндө Бельгия, Франция жана Бразилия курамалары турат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM