Биз менен байланышыңыз

Белгилүү куудул Рахман Разыков көз жумду

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 2056 | 1

Белгилүү куудул, сатирик, актёр, акын Рахман Разыков 6-июндан 7-июнга караган түнү дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Фейсбук баракчасына шакирттери жазды. Алардын айтымында, ал пневмония болуп ооруканада жаткан.

Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо­нунун Савай айылында туулган.

Кичинекей кезинде 3 мектеп которгон. 10-классына чейин аккордеондо ойноону үйрөнгөн. Студент кезинде бул өнөрү менен жетекчиликке чейин көтөрүлүп, «Таң жылдызы» деген топту негиздеген. Эгемендик жылдардан кийин Манас Бердибеков, Дөөлөт Мадымаев, Абдылда Иманкулов, Жамбыл Камчиев менен бирге «Аралаш» тобун түптөшүп, куудулдукту жаңы деңгээлге алып чыккан.

«Бешилик», «Беш кемпир», «Беш тапан» топторун түзүп, сатирага шыктуу балдарды тарбиялап жүргөн. Өмүрүнүн соңку учурларында куудулдарга сатиралык интермедияларды жазып берүү менен бирге ар кандай тематикадагы ырларды жазып, бир нече китеби жарык көргөн. Ошондой эле бир катар тасмаларда да роль жараткан.

Куудул буга чейин коронавируска кабылып, Ошто ооруканада дарыланып жатканы боюнча маалымат каражаттарынын бирине билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM