Биз менен байланышыңыз

Өлкө боюнча 87 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 6 Июн 2021 | 447 | 0

Кыргызстанда өткөн суткада коронавируска каршы вакцинаны 870 адам алды, анын ичинен 703 адамга экинчи доза сайылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 87 миң 50 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 42 миң 732и вакцинанын экинчи дозасын алды.

Аймактар боюнча алганда Бишкекте – 21 миң 315, Ошто – 6 миң 958, Чүй облусунда – 14 миң 526, Ош облусу – 11 миң 859, Ысык-Көл облусу – 8 миң 202, Талас облусу – 4 миң 320, Нарын облусу – 4 миң 510, Жалал-Абад облусу – 11 миң 549, Баткен облусунда – 3 миң 811 адам вакцина алган.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Кытай вакцинасын эки этап менен алуу каралган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Андан соң 22-апрелде Кыргызстанга Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келген. «Спутник V» вакцинасын алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын Баатыры, эмгек сиңирген дарыгери, хирург Мамбет Мамакеев алган.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Copyright © 2017 Maral FM