Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Инандыны издөө күчөтүлгөн тартипте улантылууда

Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 237 | 0

Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча сотко чейинки өндүрүш Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча күчөтүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Бул иш боюнча ИИМдин, Бишкек ШИИББнин, Чүй ОИИББнин жана Октябрь РИИБнин тажрыйбалуу тергөөчүлөрү менен ыкчам кызматкерлеринен түзүлгөн ыкчам-тергөө тобу зарыл болгон тергөө иш-чараларын жана издөө иш-чаралары жүргүзүүдө.

Ошондой эле мүмкүн болгон күбөлөрдү суракка алууда.

Учурда Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоого багытталган бардык керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM