Биз менен байланышыңыз

УКМК: Инандыны кылмыштуу топтор уурдашы мүмкүн экендиги эскертилген

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 1717 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Сапат» билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инандыга 2019-жылы уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү кун алуу максатында уурдашы мүмкүн экендиги эскертилгенин билдирди.

Алынган маалыматка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинде («Адам уурдоо») каралган кылмыш белгиси боюнча сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында текшерүү иштери уюштурулган.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын тергөө органдары тарабынан Инандыга уурдоо коркунучу тууралуу маалымат берилген.

Ага байланыштуу улуттук коопсуздук органдарынын жүргүзүп жаткан текшерүү иштери менен катар ага жеке жан сакчы берүү жана зарыл болгон сактык чараларын көрүү жөнүндө сунуштама берилген.

УКМК Ички иштер министрлигине аталган кылмышка катыштыгы бар адамдарды издөө иштеринде көмөктөшүү боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.

Эске салсак, Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. Кечээ кечки саат алты чамасында ал өзүнүн Lexus GX-470 унаасы менен үйдөн чыгып кеткен, ал эми 1-июнь күнү таңкы саат төрттөрдө Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан унаасы табылган. Учурда милиция кызматкерлери Орхан Инандыны издеп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM