Биз менен байланышыңыз

Төрөбай Зулпукаров «Кумтөр» иши боюнча суракка чакырылды

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 762 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров «Кумтөр» иши боюнча суракка чакырылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда ал УКМКнын имаратында «Центерра Голд» менен түзүлгөн келишимдердин бирине байланыштуу сурак берип жатат.

Белгилей кетсек, 2013-жылы Төрөбай Зулпукаров КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Буга чейин Темир Сариев «Кумтөр» иши боюнча тергелген. Кийинчерээк УКМК мурдагы депутаттар Турсунтай Салимов менен Сергей Ибрагимовду да суракка алганы белгилүү болду. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков да суракка чакырылганы айтылды. Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов камакка алынды.

Эскерте кетсек, 15-майда «Кумтөрдүн» кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Кийинчерээк тергөө иш-чаралары коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнү белгилүү болду. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар экенин айткан.

Компания учурда убактылуу тышкы башкарууга берилип, ага Тенгиз Бөлтүрүк жетекчи болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM