Биз менен байланышыңыз

Мамытов казак тарапты транзиттик жүк ташуудагы көйгөйдү чечүүгө чакырды

Кыска кабар | 29 мая 2021 | 635 | 0

28-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарына расмий иш сапары менен келген Казакстандын Премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугушту.

Жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштар талкууланып, тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салууга тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашты.

Сүйлөшүүдө айрым маселелер дагы деле чечилбей жатканы айтылып, анын ичинен мамлекеттик чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу, соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд АКШ долларына жеткирүү тууралуу сөз болду. Талант Мамытов казак тарапты транзиттик жүк ташуу чөйрөсүндөгү көйгөйлөргө, айрыкча Россияга, ошондой эле Кытайдан темир жол аркылуу Кыргызстанга жүк ташыгандардын ишине тиешелүү маселелерге көңүл бурууга чакырды. Төрага аталган маселелердин биргелешкен аракеттин арты менен чечилерине ишенерин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM