Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык дайындалган элчилер:
— Базарбаев Таалай Чолпонбекович Кыргызстандын Италиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фондундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды;
— Карагулов Азамат Омарбаевич Кыргызстандын Кувейт Мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;
— Султанов Талант Кушчубаевич Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;
— Арипов Назарали Турдалиевич Кыргызстандын Алматы шаарындагы (Казакстан) Башкы консулу болуп дайындалды;
— Сыдыкова Лира Эсенгуловна Кыргызстандын Стамбул шаарындагы (Түркия) Башкы консулу болуп дайындалды.
Ошону менен бирге президенттин жарлыгына ылайык кызматтан бошотулган:
— Мукашев Данияр Муратбекович Кыргызстандын Италиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду;
— Алымкулов Алисбек Төлбашиевич Кыргызстандын Алматы шаарындагы (Казакстан) Башкы консулу кызматынан бошотулду;
— Абдрахманов Нурлан Асейинович Кыргызстандын Стамбул шаарындагы (Түркия) Башкы консулу кызматынан бошотулду.