Биз менен байланышыңыз

УКМК: Оор кылмыш боюнча издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 379 | 0

Чүй облусунда жүрүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү К.Э. аттуу коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгондугу жана өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги заттарды ташуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталган.

Ошондой эле ал оор кылмыш ишин жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн.

Кармалган К.Э. аттуу жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM