Биз менен байланышыңыз

Дагы 200 адамдан коронавирус табылды

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 472 | 0

Кыргызстанда 14-майга карата  дагы 200 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 124, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 37, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 6 адамдан вирус табылган.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде Бишкек шаарынан – 166, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 45, Ош облусунан – 4, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 4, Баткен облусунан – 1, жалпы 235 бейтап сакайып чыкты.

Ал эми акыркы суткада Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунан – 1, жалпы 6 адам коронавирустан көз жумду.

Учурда стационарларда 1768 бейтап, үй шартында 2427 бейтап COVID-19дан дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери 99 миң 845 адамга коронавируска чалдыгып, анын ичинен 92 миң 953 бейтап айыгып, 1687 адам каза тапты.

Copyright © 2017 Maral FM