Биз менен байланышыңыз

Абдикарим Алимбаев Ак-Татыр айыл аймагынын эли менен жолукту

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 435 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын эли менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга бардык облустук мекеме ишканалардын жетекчилери катышып, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жарандардын бардык суроолоруна жеринде жооп алууга шарт түзүлдү.

Жергиликтүү тургундар чек арадагы куралдуу кагылышуудан улам, жараксыз абалга келген турак үйлөрүн калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү суранышты. Белгилей кетсек аталган аймактын Көк-Теерек айылында 18 турак үй толугу менен өрттөнгөн.

Ыйгарым укуктуу өкүл, ар бир турак жай, социалдык обьекттер кайра курулуп, ондоп түзөө жумуштары жасалып, калыбына келтирилээрин билдирди.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жапа чеккен жарандардын документтештирүү иштерин тездетүү, жеринде барып, жергиликтүү тургундарга жардам көрсөтүү боюнча, мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тапшырма берди.

Copyright © 2017 Maral FM