Биз менен байланышыңыз

Чүй облусу «кызыл» зонага кирди

Кыска кабар | 3 мая 2021 | 698 | 0

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу вирустун жайылуусу боюнча Чүй облусу «кызыл» зонага кирди. Бул тууралуу Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов маалымат жыйындын жүрүшүндө билдирди.

«Бир суткада Чүй облусунда COVID-19дун 49 жаңы учуру катталган, анын ичинен 40 учур – лабораториялык, 9 учур – клиникалык-эпидемиологиялык симптом менен тастыкталды. Бишкек мурдагыдай эле «кызыл» зонада калууда. Ал эми Ысык-Көл «сары» зонада, калган 5 облус «жашыл» зонада турат», — деди Нурматов.

Ошондой эле ал Кыргызстан дүйнөлүк статистикада «жашыл» зонада экенин кошумчалады.

Кыргызстанда 3-майга карата коронавирус дагы 277 адамдан аныкталды. Анын 212си Бишкекте, 49у Чүй облусунда катталган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 96 миң 337 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 89 миң 921 киши айыгып чыкса, 1 миң 622 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM