Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында милиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатат

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 317 | 0

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында милиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Бүгүн, 29-апрелде болжол менен 05:45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажик жарандары ок чыгарып, Ош-Исфана жолунун боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан өткөн автоунааларга таш атып башташкан.

Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн чечимине ылайык, үч айылга өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Чек арадагы кырдаал оор бойдон калууда.

Эске салсак, кечээ, 28-апрелде саат 11:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинен тажик жарандары эксковатор жана «КамАЗ» менен шагыл жүктөп кеткен. Андан кийин 11:30 чамасында Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына тажик жарандары видеокөзөмөл орноткон. Алар экинчи мамычага да камера орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары токтотуп калган.

Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видеокөзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда тажиктер ок чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM