Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте «Баткен, сен жалгыз эмессиң» аталышындагы митинг болот

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 766 | 0

Бүгүн, 29-апрелде саат 14:00дө Өкмөт үйүнүн алдында «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, чек арага кайдыгер эмес жарандар митинг өткөрөт. Бул тууралуу жарандык активисттер социалдык тармактарга жарыялады.

Митингде Тажикстан менен болгон чек ара аймактарын коруу, талаштуу жагдайларды чечүү, мамлекеттик стратегиялык объектилерге (суу, жер, эл) өзгөчө көңүл буруу маселеси көтөрүлөт. Ошондой эле чогулгандар өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Төрт-Гүл боюнча айткан сөзүнө түшүндүрмө талап кылышып, чек ара боюнча буга чейин айткан талаптарынын аткарылышын сурашат.

Эске салсак, кечээ, 28-апрелде саат 11:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинен тажик жарандары эксковатор жана «КамАЗ» менен шагыл жүктөп кеткен. Андан кийин 11:30 чамасында Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына тажик жарандары видеокөзөмөл орноткон. Алар экинчи мамычага да камера орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары токтотуп калган.

Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видеокөзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда тажиктер ок чыгарган.

Бүгүн, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, кыргыз жараны оң көзүнөн жараат алган. Учурда чек арадагы абал курч бойдон калууда.

Copyright © 2017 Maral FM