Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын чек ара жетекчилери Кыргызстандын чалуусуна жооп бербей жатат

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 3507 | 0

Баткен облусунун чек ара аймагындагы Баткен районунун Көчө-Бою жергесинде бүгүн, 29-апрелде болжол менен саат 4:40тарда абал курчуп кетти. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырдаалды курчутууга Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон, алар Кыргызстандын жарандарына жана үйлөрүнө таш атып баштаган. Андан кийин тажик тарап аңчылык мылтыктары менен өтүп бара жаткан кыргыз жарандарынын унааларын аткылоого өткөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстандын жарандарынын арасында жабыркагандар бар. Тажик тараптан аткылоо мезгил-мезгили менен уланууда.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик чек арасында абал курч.

Тажик тараптын чек ара кызматынын жетекчилиги менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болбой жатат. Телефон чалуулар жоопсуз калууда.

Copyright © 2017 Maral FM