Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкек шаарынын негизделген күнү

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 390 | 0

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын негизделгенине 143 жыл болду. Шаар күнүн белгилөө үчүн чоң программадагы иш-чаралар уюштурулбай турганын мэриянын басма сөз кызматы буга чейин билдирген.

Маалыматка ылайык, борбор калаада эпидкырдаал курч бойдон. Акыркы учурда коронавирус эң көп Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталууда. Мындан улам аталган майрамдарды массалык түрдө белгилөөгө тыюу салынды.

Бир канча жыл мурда шаар күнү 11-майда белгиленип келсе, 2014-жылы депутаттар майрамды күз айларына жылдырып салышкан. 2016-жылы маселеге чекит коюлуп, Бишкек шаарынын күнү жыл сайын 29-апрелде белгиленмей болгон.

Эскерте кетсек, майрамдык иш-чаралар пандемияга байланыштуу 2020-жылы да уюштурулган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM