Биз менен байланышыңыз

Баткенде жоголгон эки жаран боюнча кыргыз-тажик чек ара кызматы жолугушууда

Кыска кабар | 24 Апр 2021 | 377 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын Эски Оочу айылынын чек арага чектеш жеринде жоголгон эки жаран боюнча Кыргызстан менен Тажикстанждын чек ара кызматынын өлдөрү жолугушууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда чек ара кызматынын компетенттүү органдары жоголгон жарандарды издөө боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат.

24-апрелде «Кулунду» чек ара бөлүмүнүн башчысына Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айылынын тургуну А.М. аттуу жарандан, анын 2002-жылы жана 2000-жылы туулган балдары жоголгону жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Аталган чек ара аймагында учурда абал туруктуу.

Баткенде чек арага чектеш аймакта жоголгон эки жаран изделүүдө

Copyright © 2017 Maral FM