Биз менен байланышыңыз

Дагы 380 адамдан коронавирус табылып, беш адам каза болду

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 487 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 380 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Аймактар боюнча караганда, Бишкек шаарында — 246 адам, Ош шаарында — 14, Чүй облусунда — 91, Ош облусунда — 5, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 2 учур катталды.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 93 миң 6га жетти.

COVID-19 вирусунан акыркы бир суткада 5 адам каза болду. Пандемия башталгандан бери бул илдеттен 1566 адам көз жумду.

Бир сутка ичинде 164 жаран сакайып, оорудан айыккандар жалпы 87 554го жетти. 

Copyright © 2017 Maral FM