Биз менен байланышыңыз

Легендарлуу кинорежиссёр Квентин Тарантино көз жумду

Америкалык легендарлуу кинорежиссёр, киноактёр, продюсер Тарантино Монте Хеллман (туулганда берилген аты-жөнү: Монте Жэй Химмельман) 91 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу «Variety» басылмасы жазды.

Кинорежиссёр кечээ 20-апрелде өз үйүнөн эс-учун жоготуп кулап түшкөн. Аны «Тез жардам» унаасы аркылуу Калифорниядагы медициналык борборго алып келишип, жандандыруу бөлүмүнөн эсине келбей үзүлүп кеткен. 

Монте Жэй Химмельман 1932-жылы Нью-Йоркто туулган. Бала чагынан сүрөт өнөрканасына, киного, театрга жакын өскөн. Алгачкы жолу он жашында Х. Г. Уэллстин «Дүйнөлөрдүн согушу» романынын негизинде коюлган радиопьесаны жаздырууга катышкан. Ошол маалда ал Стэнфорд театрында окуп жүргөн эле. Кийинчерээк Лос-Анжелестеги кинематография курсун аяктаган. 

Хеллмандын кино өндүрүшүндөгү алгачкы эмгеги 1959-жылы тарткан «Каргыш тийген үңкүрдүн желмогузу» тасмасы болгон. Андан тышкары «Өлүм оту», «Качууга жол жок», «Кош тилкелүү унаа жол», «Террор», «Тозоктун арткы эшиги» бир катар атактуу тасмаларды тарткан. Венеция кинофестивалында үч жолу катары менен жеңүүчү аталган. 

Copyright © 2017 Maral FM