Биз менен байланышыңыз

«Sothebys» соода үйү: Боттичеллинин сүрөтү 92 миллион долларга сатылды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2021 | 1092 | 0

XV-XVI кылымда Италияда жашап өткөн сүрөтчү, ренессанс доорунун көрүнүктүү өкүлү Сандро Боттичеллинин «Медальон тагынган жигит» портрети «Sothebys» соода үйүнүн Нью-Йорктогу кеңсеси уюштурган аукциондо 92 миллион 200 миң долларга сатылганын жергиликтүү телеканалдар кабарлады.

Маалым болгондой, эксперттер алгач портретти 80 миллион доллардан кем эмес деп баалашкан. Мурдагы ээси, америкалык Шелдон Солоу аны 1982-жылы 1 миллион 200 миң долларга сатып алганын айткан. 1470-80-жылдары жаралган бул портрет сүрөтчүнүн эмгектеринин ичинен эң кымбат баада сатылган чыгармасы болуп калды.

«Sothebys» соода үйү өткөргөн аукциондо жалпысынан 40тан ашык сүрөт коюлган. Алардын арасында италиялык айкелчи Луки делла Роббианын, барокко доорунун өкүлү, нидерланддык сүрөтчү Виллем ван Алсттын, бельгиялык сүрөтчү Антониса ван Дэйктин да эмгектери бар. Дээрлик XV-XVI кылымдарда тартылган сүрөттөр коюлган аукциондо соода үй 114 миллион 500 миң доллар киреше тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM