Биз менен байланышыңыз

Италиялык сүрөтчү Рубиктин кубиктеринен эң чоң мозаика жаратты

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 11 Ноя 2020 | 514 | 0

Титан Атлантаны чагылдырган адаттан тыш мозаиканы италиялык жаш сүрөтчү Жованни Контарди жасаган. Ал бул эмгегин жаратуу үчүн Рубиктин кубиктерин материал катары колдонгон.  Буга чейин 10 жыл аралыгында Контарди баш катырманы ылдам жана кыска убакытта топтоо боюнча сынактарга катышып, рекорддорду багындырып келген. Кийинчерээк ал өзүнө Рубик кубигинин дагы бир өзгөчө тарабын ачкан.

Чынында, Контарди портрет тартканды жактырат, ошол себептен грек мифологиясындагы сюжетке кайрылган. Сүрөтчүнүн жаңы чыгармасында Атлант асманды эмес, чоң көлөмдөгү гигант кубду кармап турат. Эмгекке жалпысынан 6 миңден ашык механикалык баш катырма талап кылынып, ишти аяктоого 16 саат убакыт сарпталган.

 

Сүрөтчү Жованни Контарди: «Бир нече себептерден улам бул мозаика өзгөчө болуп саналат. Биринчиден, жөн гана Рубиктин кубиктеринен жараткан портрет эмес. Экинчиден, бул эмгекке 6111 кубик колдонулуп, бир күндө чогултулган эң чоң сүрөт катары эсептелинет», — деди.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM