Биз менен байланышыңыз

«Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор одоно мыйзам бузуулар менен өттү»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Апр 2021 | 1529 | 0

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор одоно мыйзам бузуулар менен өттү. Мындай пикирин БШКнын төрагасынын мурунку орун басары Атыр Абдрахматова «Маралга» берген маегинде билдирди.  

Анын айтымында, добуш сатып алуу аракеттери, шайлоочулардын тизмеси сыяктуу мыйзам бузууларды шайлоо комиссиялары карабай жатат.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, жарандардын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча арыз берүү укугу чектелген. Бир гана саясий партиялар арыз бере алат.

Парламенттик шайлоодо мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылбагандан улам, кайра эле шаардык кеңештин шайлоосуна аттанып, ошол эле ыкмалар менен жеңип чыгышты. Эгерде алар жоопкерчиликке тартылбаса, күзүндө өтө турган парламенттик шайлоо тынч аяктабайт.

Copyright © 2017 Maral FM