Биз менен байланышыңыз

«Парламенттик шайлоо жакын арада өтүшү керек деген ойлорго кошулбайм»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Янв 2021 | 1032 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова «Маралга» берген маегинде парламенттик шайлоо жакын арада өтүшү керек деген пикирлерге кошулбай турганын билдирди.

Анын айтымында, парламенттик шайлоо аракеттеги Конституция менен өтсө, мурда берилген убадалар аткарылбагандай болот. Жаңы ажо ортодо калып калды, анткени бюджет, шайлоо, референдум жана башкаларга тиешелүү маселелер арбын. Экинчи жагынан берилген убадалар бар. Аларды айкалыштырып, бир чечим кабыл алуу зарыл. Бул — оор.

Жапаровдун бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна кепилдик берүүсү — маанилүү белгилердин бири. Өзгөчө абал киргизүү, Конституцияга өзгөртүү киргизүү сыяктуу маселелерди Жогорку Кеңеш гана кабыл ала тургандай кылуу зарыл. Анткени тең салмактуулукту сактабай, президентке көп укуктар берилип, бирок жоопкерчилиги жок болуп калса, өнүгүү болбойт.

Copyright © 2017 Maral FM