Биз менен байланышыңыз

«Жапаров тарыхый окуяларды эч качан унутпашы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Янв 2021 | 954 | 0

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча жеңишке жеткен Садыр Жапаров тарыхый окуяларды эч качан унутпашы керек. Мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы бийлик кесипкөй, коомдук кызыкчылыкты көздөгөн инсандар менен команда түптөшү керек.

Мамлекет эгемендүүлүк алган жылдан берки иш-аракеттерине диагностика коюп, карыздар боюнча аудиттер өтүшү кажет.

«Баары ачык-айкын элге маалымдалышы шарт. Көмүскө оюндар болуп, ар кандай саясий топтордун сүйлөшүүсү менен кандайдыр бир компромисске баруу болбойт. Анткени көмүскө сүйлөшүүнүн артында мамлекет ушундай туңгуюкка кептелди. 30 жылдан бери бирде бийликчил, бирде оппозициячыл көрүнүп, бирок өз кызыкчылыктары үчүн иштегендерди пенсияга кетирүү зарыл. Жаңы форматта ойлонгон адамдар саясатка аралашып, бийликке келип, калкка кызмат кылууга мүмкүнчүлүк түзүлбөсө, бийликке кайра эле мамлекетти менчиктештирип алгандар келип, оюн башталат», — дейт Абдрахматова.

Ал белгилегендей, талапкерлер шайлоо тилкелерине байкоочуларын койбой туруп, шайлоо бурмаланганын, алдын ала жыйынтыктарды тааныбай турганын айтышы туура эмес. Бул коомчулуктун нааразычылыгын жаратат.

Copyright © 2017 Maral FM