Биз менен байланышыңыз

«Жергиликтүү кеңештеги шайлоолордо БШК мыйзам бузду»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Апр 2021 | 1153 | 0

Жергиликтүү кеңештеги шайлоолордо БШК саясий партиялардын бюджетин текшерген жок, бул туура эмес. Мындай пикирин БШКнын төрагасынын мурунку орун басары Атыр Абдрахматова «Маралга» берген маегинде билдирди. 

Анын айтымында, шайлоолордо саясий партиялар ким тарабынан каржыланып жатканы эске алынган жок. Анткени БШК алардын бюджетин ачыктаган жок, бул — мыйзам бузуу.

Тез арада БШКдан акча каражаттарынын жүрүшүн талап кылуу зарыл. Болбосо БШКнын алдында түзүлгөн жумушчу топ текшерип, бирок көзөмөлдөөдө дайыма коррупциялык механизм болуп келген.

«Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоодо бюджеттин чеги бар. Шайлоо фондун түзүп, шайлоо өнөктүгүндө сарпталган каражаттын баарын каржылоо фонду аркылуу  өткөрүшү керек эле. Бирок саясий партиялар каржылоо фонду аркылуу өткөзбөй, накталай төлөп, коррупциялык иш-аракеттер болгон. Бул маселени да убагында шайлоо комиссиялары текшериши керек эле», — дейт Абдрахматова.

Ал белгилегендей, эгерде партиялардын бюджети ачыкталбаса, келечекте саясий соодага алып келиши ыктымал. Партия шайлоо фондунан сырткары каржыланганы далилденсе, шайлоого катышуусун мыйзамсыз деп таап, жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк бар.

Шайлоолордун жыйынтыгына нааразычылыктар, партиялардын катталуусу боюнча чыр-чатак чыкпашы үчүн БШК убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек эле.

Copyright © 2017 Maral FM