Биз менен байланышыңыз

Атыр Абдрахматова депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 1209 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн БШКга арыз калтырды. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Абдрахматова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн.

Учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн 57 талапкерден арыз түшкөн.

Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана анын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамы боюнча өтөт. Ага ылайык парламентте 90 депутат болот. Алардын ичинен 54 депутат партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Copyright © 2017 Maral FM