Биз менен байланышыңыз

Google’дун негиздөөчүлөрүнүн байлыгы 100 млрд доллардан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2021 | 948 | 0

Google компаниясынын негиздөөчүлөрү Ларри Пейдж менен Сергей Бриндин байлыгы Alphabet’тин акцияларынын кескин өсүшүнүн аркасында 100 млрд доллардан ашты.

Bloombergдин айтымында, Пейдждин байлыгы бир жылдын ичинде 21,2 млрд долларга көбөйүп, учурда 103,6 млрд долларга бааланууда. Ошол эле учурда Брин бир жылдын ичинде 20,4 млрд доллар тапса, азыр анын жалпы байлыгы 100,2 млрд долларды түзөт.

Амазонканын ээси Джефф Безос, Тесла компаниясынын башкы директору Илон Маск, Майкрософт корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс, LVMH компаниясынын ээси Бернард Арно, Фейсбуктун башкы директору Марк Цукерберг жана Berkshire Hathaway компаниясынын башкы директору Уоррен Баффеттин байлыгы учурда 100 млрд доллардан ашты.

Жалпысынан мындай жогорку көрсөткүчкө биринчи жолу 1999-жылы Билл Гейтс жетишкен.

Google компаниясына таандык Alphabet компаниясынын акциялары пандемия учурунда 80 пайызга жогорулады.

Google компаниясын 1996-жылы негиздеген Ларри Пейдж менен Сергей Брин Alphabetтин акцияларынын контролдук пакетине ээ. Компаниянын кирешеси 2020-жылдын 4-кварталында 46,43 млрд долларды түзгөн. Бир жыл мурун бул көрсөткүч 37,57 млрд доллар эле.

Copyright © 2017 Maral FM