Биз менен байланышыңыз

Google’дун негиздөөчүсүнүн жашыруун отряды болгону айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 521 | 0

Америкалык ишкер, Google’дун негиздөөчүсү Сергей Бриндин өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарган, мурдагы аскер жана жансакчылардан турган жашыруун отряды бар.

The Daily Beast билдиргендей, Global Support and Development (Глобалдык колдоо жана өнүгүү) деп аталган бул жеке уюм ыкчам жооп кайтаруу тобу катары иштейт. Анын демөөрчүсү 46 жаштагы Брин экендиги айтылууда.

Тайпа мүчөлөрү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн дүйнө жүзүн кыдырышат. Уюм заманбап жабдыктар менен жабдылган. Анын ичинде Бриндин 80 миллион долларлык «Dragonfly» укмуштуудай яхтасы, дрондору жана учактары бар.

Уюмдун башчысы — Грант Доусон деп аталган киши. Ал АКШнын Аскер-деңиз флотунун мурдагы лейтенанты жана Бриндин коопсуздук кызматында бир нече жыл кызмат кылып келет.

Белгиленгендей, мындай уюмду түзүү идеясы 5 жыл мурун пайда болгон. Google’дун негиздөөчүсү яхтасында саякаттап бара жатканда Пем Циклонунан зыян тарткан Вануату аралынын жанынан сүзүп өткөн. Аралдагы кыйроолорду көргөн соң, миллиардер табигый кырсыктан жапа чеккен жергиликтүү тургундарга жардам берүүнү чечкен. Бринди Доусон менен байланыштырган. Ал өз кезегинде тез арада кесиптештерин чогултуп, аларды аралга керектүү шайман, дары-дармек жана тамак-аш менен камсыздаган.

Уюм 2015-жылдан бери бороон-чапкын болуп, жанар тоо атылып, жер титирөө болуп өткөн жерлерге жардам көрсөтүп келет.

Учурда 63,5 миллиард долларлык таза байлыгы бар Брин уюм боюнча комментарий бере элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM