Биз менен байланышыңыз

Google Индияга 10 млрд $ инвестиция жасайт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 452 | 0

Google компаниясынын башкы директору Сундар Пичаи Индияда санарип экономикасын өркүндөтүү үчүн 10 миллиард долларлык Google фондун түзүлгөнүн жарыялады. Бул программа беш жылдан жети жылга чейин болжолдолгон.

Компания төрт тармакка инвестиция салат: калктын эне тилинде маалыматка жетүүсү, Индиянын өзгөчө муктаждыктарына жооп берген өнүмдөрдү жана кызматтарды түзүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарбасында жасалма интеллектти пайдалануу жана бизнес мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Google Индия өкмөтү жана жергиликтүү компаниялар менен өнөктөштүктү пландаштырууда.

Индия Google өнүмдөрүнүн негизги рыногу. Өлкөдө активдүү интернет колдонуучулардын саны 500 миллиондон ашат, 450 миллиондон ашык адам смартфондор аркылуу интернетке кирет.

Өлкө Facebook жана Amazon үчүн дагы маанилүү. Ушул жылдын апрель айында Facebook Индиянын Jio Platforms байланыш платформаларына 5,7 миллиард долларлык инвестиция салгандыгын жарыялаган, ал эми Amazon чакан жана орто бизнеске 1 миллиард доллар жумшай тургандыгын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM