Биз менен байланышыңыз

УКМК: Мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип эки жаран кармалды

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1477 | 0

Бүгүн, 13-апрелде тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгы менен мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар экендиги далилденип, Кыргызстандын М.К. жана М.Т. аттуу жарандары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чыккынчылык кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, аталган жарандарынын бул кылмышты жасоого катышы бар экендиги жөнүндө далилдер алынган.

УКМК колдонуудагы мыйзамдарда бул кылмышты жасаганы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилейт.

Мындан сырткары кылмыш ишинин материалдарына берилген жашыруун сырдын чектелген даражасын эске алуу менен, тергөө иштеринин натыйжалары боюнча, бул адамдар тарабынан жасалган кылмыштардын жагдайлары жөнүндө кененирээк маалымат коомчулукка берилмекчи.

Copyright © 2017 Maral FM